Мектеп №8 Орто жалпы билим беруучу мектеп №8

Мектеп

Мектеп

Биздин мектеп анын ысымы менен аталган.

Узакбай Абдукаимов

Кыргыз эл жазуучусу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Узакбай Абдукаимовдун ысымы 2011-жылы 2-мартта Бишкек шаарындагы жалпы билим беүүчү №8 орто мектебине берилген.

Узакбай Абдукаимовдун орду кыргыз адабиятында абдан чоң.

Ал 1909-жылы Ош областындагы Сузак районундагы кичинекей Багыш кыштагында төрөлгөн. Жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлсө да, анын тагдыры жөнөкөй болгон эмес . 1938-жылдан 1939-жылга чейин Узакбай Абдукаимов биздин мектептин диретору болуп иштеген .

Анын чыгармачылык жолунда согуш жылдары өзгөчө орунга ээ. 1942-жылы 9-майда Армиянын катарына чакырылганү. Бүт согушту өтүп, Кенигсбергдин алдында жарадар болуп, 1945-жылдагы Жеңишти Пруссияда тоскон.

Согуштагы фашисттик окуппанттарга каршы күрөштө жана япондук милитаристтер менен болгон күрөшү үчүн «Кызыл Жылдыз» деген орденди жана 3 медаль менен сыйланган.

Узакбай Абдукаимов  кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө жазуучу жана котормочу катары озунун чоң салымын кошкон.

Ал орустун көрүнүктүү жазуучулары жана акындары болгон Пушкиндин, Некрасовдун, Гоголдун, Маяковскийдин жана Фадеевдин жана ошондой эле чет элдик классик жазуучулардын Лопе де Вега, Байрондун чыгармаларын которгон. Бүгүнкү күндө Бишкек, Ош, Нарын театрында Гоголдун «Ревизорун» Абдукаимовдун котормосундагы драммасы коюлуп келе жатат.

СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун указы менен, кыргыз исскуствосуна жана адабиятына, ошондой эле Москва шаарында өткөн кыргыз искусствусунун жана адабиятынын декадасына ылайык Узакбай Абдукаимовго 1958-жылы 1-ноябрда «Эмгектеги артыкчылыгы» үчүн медалы мене сыйланган.

Эң негизги иши катары анын «Майдан» романы эсептелет. Бул роман кыргыз адабиятында маанилүү окуя болуп калды.

Ч. Айтматов мындай де жазган: «Менин эсимде, биринчи кыргыз романын чыгышын абдан кызыгуу жана толкундануу менен тосуп алдык. Бул роман солдаттын сөзү менен жазылган. Автор романдагы ойду согуштун биринчи күнүнөн баштап алып жургон. Бул роман 60-жылдардын башына туура келип, кыргыз жазуучусунун адабияттагы бардык чыгармачылык күчун жумшап согуш жөнүндө жазуу болду».

Ар бир эле мектеп мындай өзүнүн белгилүү замандашынын атын алып жүрүүгө татыктуу боло албайт. Мындай жогорку наам биздин мектепке гана берилген.Кыргыз белгилүү эл жазуучсу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, көптөгөн орден, медалдардын ээси Узакбай Абдукаимовдун ысымын алып жүрүү биз үчүн аябай сыймык.

2012-жылдын 25-апрелинде «Узакбай Абдукаимовдун ысымын берүү боюнча» официалдуу иш-чара Бишеке шаарындагы жалпы билим берүүчү №8 орто мектепте болуп өттү.